[Intro] [Verse 1] Маңдай чачың — Маргалаң Жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың – баланын Тилегиндей, Мөлмөлүм. Гүлзар кылчы жүрөктүн Какшып жаткан чөлдөрүн. Серпилишиң – чынардын Чырпыгындай, Мөлмөлүм. Ыргалышың — майдан тал Кырчынындай, Мөлмөлүм. [Chorus] Түшүндүрөм канткенде Чын сырымды-ай, Мөлмөлүм! Өтүмдүүсүң — Өзгөндүн Күрүчүндөй, Мөлмөлүм! Созулганың — зергердин Күмүшүндөй, Мөлмөлүм! Майиндигиң — жоргонун Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм! [Verse 2] Оозуңдагы отуз тиш Күрүчтөн кынап тизгендей. Жакын келсең болбойбу, Жат экен деп сезгенбей? Айталбай сырым өтөмбү Же, пайитин таап кез келбей? Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, Ааламдан сеңдей таппадым. Ойлоп-ойлоп күнү-түн: — Мөлмөлүм! – деп какшадым. [Bridge] Ышкысы күчтүү жаштыкты Ыксыз жакка чачпагын. Башымды берем тартууга Кедей деп менден качпагын. [Outro / Climax] Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан. Кадам койгон бутуңдан, Калемпир мончок жытыңдан... Мөлмөлүм... Мөлмөлүм...


