
Ченей албайм бакытты мансап менен, Теңей албайм жарыкты акак менен. *** Бакыт эмне... Тынч уйкуда жатканың, Ойгонгондо көрүп таңдын атканын. Ден соолугуң жабыркабай чың болсо, Бул өмүрдүн бакыт даамын татканың. Бакыт эмне... Алты саның аманы, Үй-бүлөнүн жадыраган жамалы. Балдарыңдын күндө угуп күлкүсүн, Көйгөйү жок кубандырган абалы. Бакыт эмне... Жан-дүйнөнүн тынчтыгы, Ачуу-таттуу аралашкан кызыгы. Бул жашоонун тактысына ээ болуп, Сыркоосу жок өмүрүңдүн узуну. Бакыт эмне... Жакшы маанай ой-тилек, Алга умтулган үмүтү бар келечек. Жандап жүргөн бактыбызды бааласак, Баалуулугу кимге канча... Ким билет.

